Жайыт маселеси кайрадан көтөрүлдү

28-Март 2018, Шаршемби, 17:10

Бүгүн 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (КР Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга) мыйзам долбоору 1-окууда каралып, талкууга алынды.

Маалыматка караганда, өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин категориясын түзүүдө жайыттар анча баалуу эмес жерлерге кирип калган. Иш жүзүндө жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет.

Демилгечи депутаттардын бири Айтмамат Назаровдун айтымында, Кыргызстандын улуттук кенчи болгон жайыттарды туура пайдалануу менен мал чарбасын өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин көтөрө алабыз. Бирок азыркы күндө жайыттарды башка категорияга которуу фактылары жок эмес. “Ошондуктан жайыттарды өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин категориясына киргизүүнү демилгелеп жатабыз. Сунушталган долбоор аркылуу жайыттардын баардык түрү өзгөчө баалуу жерлер категориясына киргизилүүдө. Жайыттарга тиешелүү маселелердин баарын КР Өкмөтү тарабынан чечилиши керек”.- деди Назаров.

Жыйындын жүрүшүндө жайыттарды турак жай курууга которуу мүмкүнчүлүгү бар экени белгилүү болуп, бир катар депутаттар жайытты турак-жай курууга берүү мүмкүнчүлүгүн юристтер менен тактоо зарылдыгы айтылып, жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда жалпы жайыттын аянты 9,1 миң гектар жерди түзөт. Жайлоонун дээрлик 30 пайызы мал-жандыктарды которуштуруп жайбагандыктан (ротация) деградацияга дуушар болгон.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!