Ошто Борбор Азияда жок өзгөчө көпүрө ачылат

29-Март 2018, Бейшемби, 09:56

Ошто бүгүн, 29-мартта Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган өзгөчө подиум-көпүрөнүн ачылыш салтанаты болот. Ачылышка өкмөт башчы Сапар Исаков катышары күтүлүүдө.

Мындай долбоор Борбор Азияда биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Анын узундугу 60, туурасы 40 метрди түзөт жана 300гө жакын адамы батыра алат. Дарыянынын үстүнө курулган көпүрөдө ар кандай маданий көргөзмөлөр, концерт, майрамдык иш-чаралар өтчү өзүнчө жай болот. Аталган көпүрөдө жөө жүргүнчүлөр, эс алуучулар гана өтө алат. Курулушка жалпысынан 16,4 млн сом жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!