Казакстанда Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

29-Март 2018, Бейшемби, 22:27

Бүгүн, 29-мартта Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Кокрекбаев Каримди кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Карим Кокрекбаев Айтматовдун 90-жылдыгын Казакстанда өткөрүү боюнча сунуш киргизди. Аны Астана шаарынын 20-жылдыгына карата өткөрүү пландалып жатканын айтты.

Мындан башка эки элдин достугун өркүндөтүү, кызматташуу боюнча сүйлошүүлөр талкууланды. Маданият министри баардык суроолорго жооп берип, эки мамлекеттин достугу үчүн иштешүүгө даяр экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!