“Рамаяна” аттуу эпос сахналаштырылды

29-Март 2018, Бейшемби, 22:37

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Көркөм жетекчиси Назым Мендебаировдун көркөм жетекчилик кызматындагы тырмак алды эмгеги жарык көрдү. Бул тууралуу Нуркыз Рыскул кызы Zaman.kgге билдирди.

Тагыраак айтканда Индия элинин даңазалуу “Рамаяна” аттуу эпосун сахналаштырууда. Эпостун негизинде драманы акын, драматург Бактыгүл Чотурова жазган. Аталган спектакль Индия элинин маданиятын, ошол эле учурда адам баласынын туюмунда өлбөс-өчпөс темаларга арналган сүйүү, ак менен каранын кармашы, пендечилик көрө албастык сыяктуу көйгөйлөрдү козгойт.

Спектаклдин башкы каармандары кыргыз театр маданиятынын жаш, таланттуу актер актрисалары, башкача айтканда “Дарак ыры” аттуу тасманын башкы каарманы Өмүрбек Израилов Рама аттуу башкы каармандын образын жаратса, Сита аттуу Раманын түгөйүнүн образын атактуу модель, актриса Мадина Талипбек жаратмакчы.

Спектаклдин бет ачаары 29-30-март күндөрү кечки саат 18-00дө театрда өтөт.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!