​Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары протоколго кол коюшту

30-Март 2018, Жума, 11:08

Кечээ, 29-мартта Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин жыйынтыгы менен эки өлкөнүн Өкмөт башчылары протоколго кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов натыйжалуу иш өткөрүлгөндүгүн белгиледи, тараптар орун алган бардык суроолорду талкуулашып, алардын көбү боюнча консенсуска келишти.

«Региондордун жетекчилери ишке ашырылбай келген потенциал бар, жана аны күчөтүш керектигин белгилешти», – деди Арипов.

Өзбекстандын премьер-министри ошондой эле бүгүн талкууланган маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга зарыл тапшырмалар берилгенин белгиледи.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков эки тараптык мамилелерде чек-ара кызматташтык боюнча маселелер өзгөчө мүнөзгө ээ экендигин баса белгилеп, Исаков Абдулла Арипов жетектеген өзбек делегациясын эки республиканын чектеш облус жетекчилеринин экинчи Кеңешинин отурумуна катышууга чыкырды.

Отурумдун жыйынтыгында чектеш облус жетекчилернин биринчи кеңешинин жыйынтыгы менен протоколго кол коюшту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!