​Жээнбеков Түркияга расмий визит менен барат

30-Март 2018, Жума, 17:38

Бүгүн, 30-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фыраттан ишеним грамоталарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады

Жээнбеков Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Женгиз Камиль Фырат менен дагы өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашты.

Мамлекет башчысы жакын арада анын Түркияга расмий визити күтүлүп жатканын жана ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берээрин белгиледи.

Түркия элчиси жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Азыр биз сиздин Түркияга сапарыңызга даярдык көрүп жатабыз. Андан тышкары, Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы Кеңешинин Саммити өткөнү жатат. Ушунун баары биздин өлкөлөрдүн эки тараптуу мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө болот», - деди Элчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!