Миң доллар алып жаткан жеринен кармалды (видео)

31-Март 2018, Ишемби, 10:25

Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) маалымдагандай, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкери мыйзамсыз түрдө сыйлык алганы тууралуу фактынын бетин ачты. Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына Н.Б аттуу жаран курулуш иштерине сертификат берүү маселесин оң тарапка чечүү үчүн 1 миң АКШ долларын талап кылган аталган агенттиктиктин кызматкерине чара көрүү боюнча арызы менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 225-берененин (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иштеринин негизинде 1 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча алып жаткан маалда агенттиктин бөлүм жетекчиси К.Б. кармалды.

Азыркы учурда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!