Дарактарды кыюуга каршы митинг өттү (видео)

3-Апр. 2018, Шейшемби, 16:48

Бүгүн, тагыраагы 3-апрелде шаар тургундары жана бир катар жарандык активисттер Бишкек мэриясынын алдында “Биз тумчугуп атабыз!” деген ураан менен митинг уюштурду. Алардын талабы массалык түрдө дарактарды кыюуну токтотуу, мэрди, шаардык кеңештин төрагасын, айлана-чөйрөнү коргоо кызматынын жетекчилигин кызматтан алуу болду.

Жарандык активист Рита Карасартова "Мына мен бир парктын жанында жашайм, беш жылга ижарага берип таунхаус салынсын дегенге берип жатат. Таунхаус салынгандан кийин ким чыгып кетет ал жерден? Же жерди кымбат баага сатпайт. Ижарага деп туруп эле бул жөн эле өзүлөрүнө чыгарып алганга. Парк өзгөчө сактала турган жерлердин бири. Бактарды калтырбай эле бүт жердин баарын имарат кылып салабызбы?” - деген оюн айтты.

Бирок калаа башчы Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин айтып, бирок ар бир кыйылган бактын ордуна быйылкы жылы 15тен көчөт отургузулганын, ошондой эле өткөн жылы 7 миң, бул жылы 15 миң көчөт отургузулуп, бардыгы болуп баланста 248 миң бак-дарактар бар деген маалыматты тараткан.

Уюштуруучулар митингдин соңунда резолицияны окуп, өзүлөрүнүн талаптарын коюп, ишке ашпаса бир айдан кийин да митингге чыгарын айтып тарап кетишти.





Активисттердин койгон талабы боюнч кыскача видео:


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!