Театрды сындагандарга министрлик жооп берди

3-Апр. 2018, Шейшемби, 17:37

Жакында эле Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында белгилүү орус актеру Станислав Садальский сөз сүйлөп, театрдагы шарттарды сынга алган жана ачуу сөздөр менен Маданият министринен имаратты оңдоп-түзөөнү талап кылган эле. Актердун сөзүнө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жооп кайтарды.

"Кыргызстан Россиядай бай өлкө эместиги эч кимге сыр эмес. Ошого карабастан, биз орус драма театрын да, башка театралдык жамааттарды да мамлекеттин бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө жараша каржылап жатабыз. Театрлар каржылоонун жетишсиздигинен оор абалда, эгер мырза Садальский министрликтин көзүн бул маселеге ачып койдум деп ойлосо, анда ал терең адашат. Кыргыз Республикасынын жетекчилиги орус тилинин улуу маданияттын тили катары маанисин терең түшүнөт. Ошондуктан өлкөдө орус драма театрындай маданий мекемелер иштеп турат.

Мырза Садальский Россия бюджетинен орус тилин жана орус маданиятын чет өлкөлөрдө колдоого, мекендештерди колдоого деп бөлүнүп жаткан эбегейсиз чоң каражаттардын кайда жумшалып жаткандыгы жана башка маанилүү маселелер тууралуу кызыкса болмок.

Алар кайсы жактарга сарпталууда? Ошол акчалардын четинен театрга көмөк көрсөтүү үчүн бөлүп берсе эмне үчүн болбосун? Айта кетчү жагдай: Орус-кыргыз мамлекеттер аралык комиссиянын акыркы отурумунда Кыргызстан дал ушул орус драма театрын колдоо тууралуу маселени көтөргөн, бирок бүгүнкү күнгө чейин так жооп алган жок. Албетте, атамекендик театрлардын абалы биринчи кезекте биздин өзүбүздүн көйгөйүбүз болуп эсептелинет. Жаңы Өкмөтүбүз конокторубуз ойлорун кандай гана одоно билдирбесин, маселелерди чечүүдө. Ал эми мырза Садальскийге айтарыбыз: биз анын Бишкекке келгенине ыраазыбыз жана кайрадан көргөнгө кубанычтабыз",-деп билдиришти министрлик.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!