Шадиев кытайлык кесиптеши Ху Чуньхуа менен жолукту

4-Апр. 2018, Шаршемби, 11:30

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында Кытайдын вице-премьер-министри Ху Чуньхуа менен жолукту. Бул тууралу бүгүн, 4-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Аскарбек Шадиев эки тараптык мамилелердин түзүлүп жаткан деңгээлин жана Кыргызстандын Кытай менен болгон жемиштүү кызматташууга даярдыгын белгиледи.

«Биз «Бир алкак - бир жол» демилгесинин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго толугу менен катышууга даярбыз. Кайра жаралып жаткан Жибек жолу, анын багытында орун алган өлкөлөр үчүн экономикалык инновация, экономикасын жана бизнесин алдыга жылдыруу түрткүчүнө айланууда», – деп белгиледи ал.

Өз кезегинде Ху Чуньхуа Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда абдан тыгыз жана достук мамилелер калыптанып калгандыгын баса белгилеп, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында эки өлкөнүн ортосундагы алаканы дагы алдыга жылдыруу керектигин билдирди.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кыргыз тарап Кытай менен транспорт, кайра иштетүүчү өнөр жай, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда түз инвестициялар боюнча мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экендигин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!