Исаков: “Тарых музейине натыйжалуу менеджмент зарыл”

4-Апр. 2018, Шаршемби, 11:43

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 3-апрелде Улуттук тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүковду кабыл алгандыгын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Кеңешбек Алмакүчүковду кызматка дайындалышы менен куттуктап, натыйжалуу башкаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Жумушта натыйжалуу менеджментке маани бериш керек. Жаңыланган кооз имарат бул бир, бирок анын ийгилигинин сыры сапаттуу башкарууда. Музейди маданий агартуучу, искусствону өнүктүрүүчү жана инновациялык жай кылуу зарыл. Ал жаштарды, туристтерди, маданий жана искусство адамдарын тарткан жерге айланышы керек. Бүгүн аны популяризациялоо механизмдерин иштеп чыгуу зарыл», – деди Исаков.

Кеңешбек Алмакүчүков өз кезегинде Улуттук тарых музейиндеги жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!