​Жол эрежесин бузган айдоочулар каттамдан чыгарылат

4-Апр. 2018, Шаршемби, 18:13

Борбор калаанын борбордук көчөлөрүн кичи автобустардан бошотуу жана чоң автобустарды бул маршруттар боюнча жүргүзүү иш-чараларын даярдап чыгууга шаардык транспорт башкармалыгына тапшырма бергендигин Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов “Фесбуктагы” баракчасына жазды.

Ошондой эле калаа башчысы кичи автобустардын айдоочуларынын шаардык жүргүнчүлөргө карата кызмат денгээлин жана маданиятын эске алуу менен, жол кыймылынын эрежелерин тынымсыз, орой бузуу фактылары катталган жүргүнчү ташуучу фирмаларды каттамдан чыгаруу боюнча тийиштүү чараларды даярдоого буйрук бергенин жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!