Кумтөрдүн иштөө мөөнөтүн узартуу талкууланды

5-Апр. 2018, Бейшемби, 10:39

Премьер-министр Сапар Исаков «Центерра Голд Инк» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Сапар Исаков Кумтөр алтын кенинин иштөө мөөнөтүн узартуу тууралуу кеп козгоду. Буга байланыштуу Скот Перри компания геологиялык чалгындоолор үчүн кошумча 26 млн. долларлык инвестиция салынаарын билдирди. Ал өкмөт сунуштаган AMEC компаниясынын Кумтөр кениндеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу тууралуу кеңештери негизинде көптөгөн иштер аткарылып жатканын да маалымдады. Эске салсак, жаңы келишимге ылайык жыл сайын алынуучу экологиялык төлөм 310 миң АКШ долларынан 3 млн АКШ далларына чейин жогорулатылган.

Исаков кен жерининин иштетүү мөөнөтүн узартуу маселесин белгиледи, адистердин талдоосу жана бардык расмий документтер боюнча анын иштөөсүнө 8-10 жыл калды.

Ал кошумчалагандай компаниянын жогорку жетекчилигинин курамы өзгөрүлдү, учурда беш башкаруучунун үчөө кыргыз жарандары. Андан тышкары Скот Перринин маалыматы боюнча кыргызстандыктар адис катары «Центерра Голд Инк.» компаниясынын башка өлкөлөрүндөгү объектилерине тартылууда.

Өкмөт башчы минералдык-чийки зат базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал кендин концессиондук аймагынан тышкары орун алган кен чыгуучу жерлер боюнча паритеттик негизде «Кыргызалтын» ААК менен биргеликте жаңы ишкана түзүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи.

Скот Перри Кыргыз Өкмөтүнүн ниетин колдой турганын кошумчалады. Ал ошондой эле Исаковго казылып алынган өндүрүштүн, кирешенин, ошондой эле, салык жана компания тарабынан башка милдеттүү төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө таасир берген, алтынды казып алуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн өндүрүштүн модернизациясы боюнча компаниянын иштери тууралуу маалымат берип, ал иштер үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүлүп калаарын кошумчалады

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!