​Икрамов: "«Эйр Кыргызстанды» атайлап банкрот кылышкан"

5-Апр. 2018, Бейшемби, 12:48

Бугүн, 5-апрелде Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Тазабек Икрамов «Эйр Кыргызстан» улуттук авиакомпаниясын атайлап банкрот кылып туруп, сатыкка коюшуптур. Мунун артында кимдер турат?»,- деп собол салып, өкмөт бул маселени иликтеп чыгып, так жообун берсин деп билдирди.

«Бул авиакомпаниясында өкүм сүргөн абал, анын жетекчиси тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келет. Бирок, маалымат да, жыйынтык да жок. Ал банкрот болгон, бирок анын директору 4 миӊ доллардан маяна алат экен. Эмне, авиакомпанияны банкрот кылганы үчүн маяна төлөйт бекен?»,- дейт ал

«Ырас, компаниянын өз учагы жок, сатып берип, каттамга чыгарыш керек, ошондо киреше түшөт. "Тез жет" менен «Пегасус» сындуу авиакомпаниялар киреше менен эле иштеп жатышпайбы.», - деп кошумчалады Икрамов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!