Музей аудиогид менен камсыз болду

5-Апр. 2018, Бейшемби, 22:02

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Аудиогид” заманбап жабдуунун презентациясы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Аталган жабдууну сатып алуу үчүн министрлик 480 000 сом бөлгөн. Официалдуу түрдө музейдин жетекчилерине Маданият министрлигинин өкүлү Дамира Алышбаева он даана аудиогидди тапшырды.

"Эми музейге келгендер аудиогид менен кыргыз,орус,англис тилдеринде маалыматты алса болот. Ал өзүнө 32 тилде атайын маалымат батыра алат. Ичинеде 8 ГБ дан 32 ГБ чейин флеш-картасы бар. Аудиогид 60 саатка чейин иштейт. Кубаты түгөнгөндө ток аркылуу кубаттаса болот",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак мурда музейлерде аудиогид болгон эмес, аталган долбоор пилоттук негизде ишке ашты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!