​Эртең Жээнбеков, Атамбаев жана Отунбаева “Ата-Бейитке” барат

6-Апр. 2018, Жума, 14:44

Эртең, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл коюу аземине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде президенттик аппараттан маалымдашты.

Иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева, Жогорку Кенештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева чакырылган.

Иш-чарага 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышат.

Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков 2002-жылы Аксы окуяларынын учурунда жана 2010-жылы Апрель окуяларында “Ала-Тоо” аянтында курман болгондордун элесине арналган Эл эркиндиги үчүн монументке гүл коёт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!