Исаков Калиевди кызматтан алууну тапшырды

10-Апр. 2018, Шейшемби, 12:30

Өкмөт башчы Сапар Исаков Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевди кызматтан алууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча иликтөө жүргүзгөн өкмөттүк комиссиянын корутундусу менен таанышып чыккан.

Ага ылайык, бүгүн Исаков мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгында ЖЭБде түзүлгөн кырдаалга жооптуу кишилерди аныктаган.

«Айбек Калиев Улуттук энергетикалык холдингди башкарып турганда жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө жооптуу болгону үчүн аны кызматтан алууну чечтим. Мен мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күткөм. Анын жүрүшүндө «Улуттук энергетикалык холдинг” депутаттарга жана коомчулукка ЖЭБди жаңылоо боюнча негизги темаларды түшүндүрүп бере алган жок», - деди Исаков.

Ошондой эле, Бишкек ТЭЦтеги кырдаалдын келип чыгышына тийиштиги бар аткаминерлердин, жетекчилер жана кызматкерлердин аракетине юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону, учурда тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган.

Өкмөт башчы ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун колдоп, комиссиянын корутундусунда аты аталган жооптуу кишилерди дисциплинардык жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!