Башкы прокурорду кызматтан алуу сунушталды

10-Апр. 2018, Шейшемби, 13:29

Бүгүн, 10-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунушун парламентке жиберди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, 7-апрелде «Ата Мекен», «Республика-Ата Журт» фракциялары Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылкы ишин «канааттандырарлык эмес» деп табышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!