Дүйнөлүк банк 43 млн доллар каражат бөлөт

10-Апр. 2018, Шейшемби, 17:12

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылуу багытында 43 млн 200 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Жалпы каражаттын 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

Эске сала кетсек, КР Өкмөтү “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун 7 млн 200 миӊ доллар көлөмүндө кошумча каржылоого тийиш

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!