Бишкекте жаңы троллейбустук каттамдар ачылды (схема)

11-Апр. 2018, Шаршемби, 09:34

Бишкек шаарында №2 жана №3 жаңы троллейбустук каттам ачылды. Бул тууралуу Мэриянын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, №2 линия менен 11 троллейбус “Аламүдүн” базарынан эткомбинатына чейин, ал эми №3 линия менен 15 троллейбус “Жал” кичирайонунан жер бөлүштүрүү институтуна чейин жүрөт.

Ошондой эле борбор калаанын айрым көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу №5, №9 жана №14 торллейбустук каттамдар убактылуу токтотулган.

№7, №8- троллейбустардын багыты өзгөргөнү маалым болду.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!