Парламент Башкы прокурорду кызматтан алууну карап жатат

11-Апр. 2018, Шаршемби, 10:52

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутаттар башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун карап жатат.

Парламентке бул маселени кароо өтүнүчүн президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев киргизип, ал Жогорку Кеңеште биринчи маселе болуп каралды.

Депутаттарга президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекет башчысынын сунушу боюнча баяндама жасады.

Парламентте 112 депутат каттоодон өттү.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева парлементке кат жолдоп, маслени өзү жок эле карай берүүнү суранганын Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков айтты.

Эскерте кетсек, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети президенттин Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун колдогон.

Сооронбай Жээнбеков Баш прокурорду кызматтан алуу демилгесин Индира Жолдубаеванын коррупция менен күрөштө, адам укуктарын коргоодо жетишсиз иш алып барганы менен байлыштырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!