​Атамекендик жарандык авиация тармагы өнүктүрүлөт

12-Апр. 2018, Бейшемби, 15:40

Бүгүн, 12-апрелде премьер-министр Сапар Исаков Эл аралык жарандык авиация уюмунун Европа жана Түндүк Атлантика кеңсесинин учуулар коопсуздугу боюнча аймактык эксперти Аркадий Меркулов менен жолугушту.

Жолугушуу Өкмөт башчынын Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында ИКАО Баш катчысы Фан Лю менен 2018-жылдын 24-январындагы макулдашуусунун жыйынтыгы боюнча болуп өттү.

Тараптар атамекендик жарандык авиация тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Премьер-министрдин айтымында, жарандык авиация тармагын реформалоонун жүрүшүндө квалификациялуу кадрлардын жана аталган багыт боюнча экспертизанын жетишсиздиги маселеси курч турууда.

Буга байланыштуу Исаков ИКАО менен авиациялык тармак кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана жалпы тармакты өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Меркулов учурда Уюмдун ишиндеги негизги артыкчылык учуулардын коопсуздугун камсыздоо болуп саналаарын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!