Өзгөчө номерлердин баасы төмөндөдү

12-Апр. 2018, Бейшемби, 16:03

10-апрелден тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилеринин баасын төмөндөтүү жөнүндө токтому күчүнө кирди. Бул тууралуу мамкаттоо кызматы маалымат таратты.

“Иш-чара, теңдеш шарттарды түзүү жана кооз мамлекеттик номерлерди сатып алууну жеткиликтүү кылуу чечими менен байланышта. Айрым комбинацияларга карата баа 56 пайызга чейин төмөндөтүлгөн. Мисалы, мурда 777 комбинациясына старттык баа 54 миң сомду түзүп турса, эми ал 30 миңге чейин төмөндөтүлгөн. Ошондой эле, аукционсуз сатылуучу номерлерге карата катталган баалар 4 миң 500 сомдон 3 миң сомго чейин, 2 миң 700 сомдон 1 миң 500 сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Мурда, токтомго чейин жарыяланган аукциондор өзгөртүүсүз калтырылышат. "Онлайн аукциондорго карата жаңыртылган жүгүртмө төмөндөтүлгөн баасы менен жана сандардын эркин комбинацияларын nomer.srs.kg сайтынан көрүүгө мүмкүн болот”,-деп айтылат маалыматта.

Автотранспорт каражаттарына карата сандардын өзгөчө комбюинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилерин сатуудан алынган кирешенин 91 пайызы республикалык бюджетке которулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!