​Жээнбеков Федерика Могерини менен жолугушту

12-Апр. 2018, Бейшемби, 17:55

Бүгүн, 12-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Жолугушууда ЕС менен Кыргызстандын кызматташуу келечеги талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча диалогду улантып жатканына кубанычта экендигин баса белгиледи.

“Биз Европа союзу менен кызматташууга артыкчылыктуу маани беребиз. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү максатында маанилүү өнөктөш деп эсептейбиз. Кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттайбыз. Биз ЕС тарабынан көрсөтүлүп жаткан демократия принциптерин чыңдоого жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган жардамды жогору баалайбыз”, - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Кыргызстан кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндө жаңы Макулдашууну иштеп чыгуу маселесине олуттуу маани берерин жана тездетилген режимде консультация өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи. ЕС менен Макулдашууга кол коюунун актуалдуулугу саясий диалогду чыңдоодо жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө.

Жээнбеков Кыргызстан тандап алган парламенттик демократия, экономикалык жактан туруктуу жана стабилдүү мамлекет куруу, адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, мыйзамдын артыкчылыгын, социалдык адилеттүүлүктү, толеранттуулукту, басма сөз эркиндигин коргоо жана пикирлердин плюрализмин камсыз кылуу багытынан тайбастыгын баса белгиледи.

Президент ошондой эле регионалдык кызматташуу маселелерине дагы токтолуп, Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара мамилелердин динамикасы өсүп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Могерини ЕС Кыргызстандын демилгелерин толук колдой тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-апрелде Бельгияга расмий сапар менен барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!