Сапар Исаков кечирим сурады (видео)

12-Апр. 2018, Бейшемби, 19:57

Өкмөт башчы Сапар Исаков "Акылдуу шаар" долбоору менен тааныштырып, системанын иштөө режимин көрсөттү. Кызыгы Ибраимов/Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине жаңы орнотулган видеокамера жол эрежесин бузган фактыны аныктап, унааны башкарып келе жаткан айымдын аты-жөнү, сүрөтү чыгып калгандыгы үчүн кечирим сурады.

Автоунаанын ээсине “Кыргыз почтасы” кызматы аркылуу эреже бузганын далилдей турган сүрөттөрү менен кошо айып каты келерин айтып түшүндүрө кетти.

Эске сала кетсек, буга чейин “Акылдуу шаар” долборун ишке ашыруу үчүн Кытайлык Huawei компаниясы менен келишим түзгөн. Бирок аталган компания долбоорду ишке ашырууну кечиктирип жатканын айтып, бир тараптуу баш тарткан. Бирок, Кыргыз өкмөтү долбоорду өз күчү менен ишке ашыраарын айткан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!