​Кыргыз драма театры Каракол шаарына сапар тартат

13-Апр. 2018, Жума, 22:59

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры май айынын 7-8-9-10-11-12си Каракол шаарына чыгармачылык иш сапар менен барат. Бул тууралуу театрдын маалымат кызматкери Нуркыз Рыскул кызы Zaman.kgге билдирди.

Алар чыгармачылык иш сапардын алгачкы күнүн театрдын репертуарына жаңыдан кошулган Б.Чотурованын калемине таандык Индия элинин улуу эпосунун негизинде сахналаштырылган «Рамаяна» спектакли менен ачышмакчы.

Спектаклдин режиссеру театрдын Көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров. Андан соң В.Гоголдун калемине таандык «Үйлөнүү», Ч.Айтматовдун калемине таандык «Саманчынын жолу», К.Иманалиевдин калемине таандык «Керээз» спектаклдерин Каракол шаарынын элине тартууламакчы.

7-май Б.Чотурова “Рамаяна” (драма), премьера 8-май Н.В.Гоголь “Үйлөнүү” (комедия), 9-май Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” (драма), 10-11-12-май К.Иманалиевдин “Керээз”, "Боронбай бий" (тарыхый драма).

Өтүүчү жай: К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театры. Башталышы:18-30

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!