Жээнбеков Жолдубаеваны кызматынан бошотту

14-Апр. 2018, Ишемби, 10:58

Кечээ, 13-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Эскерте кетсек, 11-апрелде Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутаттар башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун карап, депутаттардын басымдуу бөлүгү бир добушу менен президенттин сунушун колдошкон. Жыйында 110 депутат каттоодон өтүп, анын 105и башкы прокурорду кызматтан алынуусуна макулдугун берсе, экөө “каршы” деген добуш берген. Калган үчөө добуш берген эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!