Жээнбеков Шадиевдин отставкасын кабыл алды

14-Апр. 2018, Ишемби, 11:59

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 13-апрелде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин отставкасын кабыл алды. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Шадиев Конституциянын жана “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын негизинде кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, 6-апрелде Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр кызматынан кетүү жөнүндө азыр жазган. Ал Жогорку Кеңештеги жоголгон акча боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кетүүнү туура көргөндүгүн билдирген. Анткени, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп шектелип кармалган.

Ал эми Шадиев биринчи вице-премьер-министр болгонго чейин аталган комитеттин төрагасы болуп келген.

Шадиев аталган кызматтан кеткени менен Башкы мыйзамга ылайык, анын Жогорку Кеңештеги депутаттык орду сакталып кала берет
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!