​Исаков: «Экология – өлкөбүздүн негизги байлыгы»

14-Апр. 2018, Ишемби, 14:08

«Экология – өлкөбүздүн негизги байлыгы», – деп билдирди бүгүн, 14-апрелде премьер-министр Сапар Исаков «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын жана «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын «Тоо токой» аталыштагы 40-кадамы боюнча коомдук угуулар алкагында өтүп жаткан «Тоо токой» экологиялык форумунун жүрүшүндө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы белгилегендей, айлана-чөйрөнүн начарлап жаткан доорунда Кыргызстан салыштырмалуу түрдө таза жаратылыштын чөлкөмү болуп саналат.

Анын айтымында, агрардык экономика жана оор өнөр жайынын болбогондугу өлкөнүн жаратылыш байлыгын сактап калууга мүмкүндүк берди.

«Биз өнөр жай обьектилерин ишке киргизүүдө алардын абаны булгоосун төмөндөтүүсүнө карата катуу талаптарды коюшубуз керек. Биз бир эле учурда жаңы иш орундарын түзүү жана экологиялык абал тууралуу ойлонушубуз кажет», — дейт Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө жаратылыштын булгануусу, био ар-түрдүүлүктүн кыскарышы жана ири шаарлардагы абанын бузулушу байкалууда.

Премьер-министр токой жана көп жылдык өсүмдүктөр жаратылышты коргоого, абаны тазартууга, мөңгүлөрдү сактоого жана жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Буга катар ал билдиргендей, өлкөдөгү токойлордун аянты, болжол менен, жалпы анттын беш пайызын ээлейт, буга байланыштуу өкмөт ар-кыл экологиялык демилгелерди ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Кыргызстанда токойлордун эскирүү көйгөйү орун алгандыгын, бул жагдайды чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар жыл сайын калктуу пункттарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тийиштүү көчөттөр менен камсыздалып жаткандыгын кошумчалады.

Исаков белгилегендей, бул иштер «Таза Жашоо» улуттук кампаниясы алкагында ишке ашырылып жатат, анын ишине өлкө боюнча бардык жарандар тартылууда. Ал кошумчалагандай, учурда бүтүндөй республика боюнча мамлекеттик органдар жаштар уюмдары менен биргеликте масштабдуу ишембиликтерди жана аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүдө.

«Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту сактоочу экологиялык кыймыл пайда болууда», – деди Исаков.

Премьер-министр өлкө тарыхында алгач ирет токой тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ага «Тоо токой» аталышындагы атайы бөлүк арналгандыгын эскертти.

«Аталган бөлүктө эксперттер калктуу пункттардагы токойлордун жана бак-дарактардын аянтын кеңейтүүгө, ошондой эле багбанчылыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыккан», – деди Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, жакынкы арада «Тоо токой» кадамын ишке ашырууга багытталган тийиштүү ченемдик-укуктук актылар кабыл алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!