Сапар Исаков Ош базар ордунда калат деди (видео)

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 14:32

Бүгүн 16-апрелде Өкмөттүн алдына Ош базардагы өрттөн жабыр тарткан соодагерлер митингге чыгышты. Катышуучулардын саны болжолу менен 100дөн ашып, алардын ичинен он адам Премьер-министр жана өкмөттүн бир канча министрлеринин катышуусунда болгон жыйынга катышып, өз талаптарын жеткиришти.

Алардын негизи талаптары Ош базарды ордуна калтыруу, чыгымга дуушар болгон соодагерлерге компенсация төлөп берүү маселеси болду.

Жыйынтыгында өкмөт башчы соодагерлердин талаптарын уккан соң, бир жума убакыт берүүсүн суранып, бардык маселелерди оң чечип берерин жыйынга катышкандарга айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!