Жээнбеков Россия менен Кытайга барары күтүлүүдө

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 14:43

Президент Сооронбай Жээнбековдун кийинки чет элдик иш сапары майдын ортосунда Россияга болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Мамлекет башчысынын 9-10-апрель күндөрү Түркияга жасаган расмий сапары боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Мамлекет башчысынын кийинки чет элдик иш сапары майдын ортосунда Россиянын Сочи шаарына болот. Анда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барат. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат.

“Июнь айында Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына расмий сапары пландалууда. Бул иш сапар Шанхай кызматташтык уюмунун отурумунун алдында болот. Азыркы тапта бул боюнча эки тарап керектүү иш-аракеттерди кылууда”,-дейт Сыдыков.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрель күндөрү расмий сапар менен Түркияга барып, түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын жыйынтыгында, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык, социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууларга, спорт, айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу боюнча протоколго кол коюлган.

Мамлекет башчысы Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында, Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюп, бир мүнөт үн катпай түрк мамлекетинин негиздөөчүсүн эскерген. Андан тышкары Сооронбай Жээнбеков Анкарадагы кыргыз жазуучусу Ч. Айтматовдун бюстуна гүл коюп, улуу жазуучуну эскерген эле. Ошондой эле мамлекет башчысы расмий сапарынын алкагында Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!