Жээнбековдун Бельгияга иш сапары ийгиликтүү өттү

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 15:16

Президент Сооронбай Жээнбековдун 11-12-апрель күндөрү Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Европа Союзунун институттарына жасаган жумушчу иш сапары ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Мамлекет башчысынын Бельгияга жасаган расмий сапары боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни менен жолугушкан. Андан сырткары мамлекет башчысы принц Карим Ага-Хан менен жолугушкан. Ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Россия жана Борбор Азия боюнча Башкаруучу директору Наталья Ханженкованы кабыл алган.

“Европа биримдигинин жетекчилиги менен жеке байланыштары орнотулду жана эки тараптуу мамилелелердин актуалдуу маселелери боюнча диалок кеңири улантылды. Сооронбай Жээнбеков пландаштырылгандай Европа союзунун иниституттарынын жетекчилери менен жолугушкан. Европада өткөн пайдалуу жолугушууларда олуттуу сүйлөшүүлөр жана өз ара кызыкчылыктарга тиешелүү маселелер боюнча ачык жана констриктивдүү талкуулар болуп өттү. Эң негизгиси ошол талкууларда эки тарап Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жаңы долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө саясий түрткү беришти”,- деп билдирди Сыдыков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!