А. Назаров: “Жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү орган түзүү керек”

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 16:16

16-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету тууралуу” маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган комитеттин төрагасы А.Назаров комитетке келген кайрылуулардын негизинде жазылган каттарга аткаруу бийлиги жарытылуу жооп бербей жатканына бир катар мисалдарды келтирди. Айтмамат Назаровдун белгилөөсүндө, комитет тарабынан көтөрүлгөн токойлордун ар кандай ооруга чалдыгышы, ал боюнча кечиктирилгис чаралардын көрүлүшү, деградацияга учураган жайыттар боюнча эмне иштер жасалып жатканы белгисиз. Комитет башчысы Кыргызстанда малды идентификациялоодогу абал тууралуу айтып келип, айылдык ветеринардык кызмат, ветеринардык врач жоктугун, бул кызматты уюштуруунун зарылдыгын чет өлкөлөрдүн тажырыйбаларынын негизинде чечмелеп берди.

Ошондой эле А.Назаров жер-жерлердеги Мамлекеттик фонддун жерлериндеги бир топ көйгөйлөрдү, асыл тукум чарбаларын өнүктүрүүдөгү кемчиликтерди, АРИСтин айыл чарбасына байланыштуу айрым долбоорлорун токтоп тургандыгын да кошумчалады.

Айыл чарба тармагы боюнча Өкмөт тарабынан аткарылбай жаткан иштерге токтолгон комитет төрагасы “Жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү бир орган түзүү керек” экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү жалпы жонунан агрардык тармакта өкмөттүн алгылыктуу иштери бар экенин айтып, «КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчетун эске алуу тууралуу чечим кабыл алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!