Кыргыз-түрк жарандары бирдей шартта пенсия ала алышат

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 16:40

Кыргызстан менен Түркиянын аймагында бирдей шартта пенсия жана жөлөк пул алганга мүмкүндүк пайда болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга жасаган расмий сапары боюнча Бишкекте өткөн маалымат жыйында Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, кыргыз өкмөтү менен түрк өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздандыруу макулдашуусун ишке ашыруу боюнча административдик келишимге кол коюлган. Ага ылайык эки өлкөнүн жарандарына Кыргызстан менен Түркиянын аймагында бирдей шартта пенсия жана жөлөк пул алганга мүмкүндүк пайда болот.

Келишим эки өлкөнүн аймагында жүргөн эмгекчилердин эркин жүрүүсүнө жана абалын мыйзамдаштырууга көмөк берет. Келишимде тараптардын бири жагынан дайындалган пенсиялар экинчи тараптын аймагында жашагандыгына карабастан ошол эле өлчөмдө төлөп берүү каралууда. Келишимдин пайдалуу жактары төмөнкүлөр. Ишке орношкон тараптын пенсиялык камсыздоо системасында жергиликтүү тургундар менен тең укуктарды камсыз кылуу, эмгекчилердин эки өлкө аймагында ээ болгон пенсиялык укуктарын коргоо жана ишке ашыруу, эмгекчилердин жана ошондой эле формалдуу эмес жумуштуулукту жана мыйзамсыз мигранттардын санын кыскаруу, эмгек акыны ачыкка чыгарууга дем берүү болуп эсептелет. Пенсиялык укуктарды экспортоо, ата-мекенине кайтканда же бир өлкөгө көчкөндө жарандардын иштеп тапкан пенсиялык укуктарын сактоо жана которуу болуп эсептелет. Ар тараптардын пенсиялык камсыздоого укугун аныктоодо жана пенсияны дайындоодо эки өлкө аймагында ээ болгон жарандардын пенсиялык укуктары эске алынат. Пенсиянын өлчөмүн жарандын экинчи тарапта жайгашкандыгынын негизинде жеткирүү чыгымдарына азайтылбайт”,- дейт Абжапаров.

“Ошондой эле келишимди жөнөкөй тил менен айтканда, бул эки өлкөнүн аймагында эмгектенип жаткан кыргыз же түрк жараны пенсия курагына келгенде, пенсияга чыгууда камсыздандыруунун пропорционалдык принциби менен пенсия ала алышат. Мисалы, бир адам Кыргызстанда 15 жыл эмгектенсе жана 10 жыл Түркияда иштеген болсо, анда эки өлкө тең пропорционалдуу түрдө пенсия төлөп берет. Бирок, Түркиядагы биздин жарандар пенсияга чыгуу үчүн ал жакка камсыздандыруу төлөшөт. Ал үчүн Түркияга 37,05 тариф менен камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөшсө, Кыргызстанга 27,25 тариф менен камсыздандыруу төлөмүн төлөшөт. Ошондуктан пенсияга чыгуу үчүн эки өлкөнүн тең мыйзамдары эске алынат. Ушундай эле келишим ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен да түзүүлөрү күтүлүүдө”,- деп кошумчалап кетти ал.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрель күндөрү расмий сапар менен Түркияга барып, түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын жыйынтыгында, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык, социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашуулар, спорт, айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу боюнча протоколго кол коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!