​“Сапаттын” мектептери жабылбайт

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 17:31

“Сапат” билим берүү мекемесине таандык мектептер жабылбайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга жасаган расмий сапары боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, мектепти эч ким жаппайт.

“Азыр “Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрү Кыргызстандын жарандары экени белгилүү. Анын негиздөөчүлөрүнүн катарында Билим берүү жана илим министрлиги дагы бар”,- деди Сыдыков.

Ошондой эле анын билдирүүсү боюнча, азыркы күндө "Сапаттын" мектептеринде 11 минден ашык бала окуйт. "Сапат" КРнын мыйзамына ылайык жана Билим берүү жана илим министрлигинин талартары жана нормалары боюнча иштей берет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!