​Исаков эл өкүлүнөн кечирим суроого аргасыз болду

17-Апр. 2018, Шейшемби, 16:34

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету угуп жатканда депутат Мирлан Бакиров 2017-жылы сыртка канча тонна алтын чыгарылып кеткендигине кызыкты.

Эл өкүлүн суроосуна өкмөттүн тиешелүү өкүлү так жооп бере алган жок.

“Сиз жооп бере албасаңыз мен айтайын. Бир жылдын ичинде өлкө боюнча жалпы 100 миң тонна алтын кошулмасы бар концентрат чыгарылып кеткен. Анын суммасы 2 млрд сомду түзөт. Акыркы 8 жылдыкын алсак анда 800 миң тонна алтын кошулмасы бар концентрат чыгарылып кеткен”,- деди Бакиров.

Бул боюнча өкмөт башчы Сапар Исаков эл өкүлүнөн кечирим сурап, өкмөттүн мүчөсү шашып жоопту таба албай калып жатканын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!