Көчмөндөр оюндарына 316 млн сом жумшалат

17-Апр. 2018, Шейшемби, 18:02

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бюджеттен 316 млн сом жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде каржы министри Адылбек Касымалиев өкмөттүн бир жылдык иши тууралуу Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика - Ата Журт» фракцияларынын депутаттары отчёт берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган каражат Маданият министрлигине жана Спорт агенттигине бөлүнүп берилген. Бул каражат III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жана байгелерге керектелет.

Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаков бюджеттен бөлүнгөн каражатты сарамжал колдонууга аракет жасаларын белгилеп, бюджетке оорчулук келтирбеш үчүн башка каражаттарды да табууга аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

“Ушул тапта демөөрчүлөрдөн кошумча миллион долларга жакын акча таап койдук. Эгер биз дагы көп акча тапсак, анда жогоруда аталган акчадан үнөмдөп калабыз”,- Исаков.

Өкмөт башчы Көчмөндөр оюндарынын башкы демөөрчүсү Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясы экенин кошумчалап, ал эми буга чейин Чолпон-Атадагы ат майданды оӊдоо үчүн бюджеттен бөлүнгөн 10 миллион сом стадионду жылына камсыздап турчу каражат экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!