Жусуп Мамай- эки доордун залкар манасчысы

17-Апр. 2018, Шейшемби, 22:26

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган Улуу манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган “Жусуп Мамай – эки доордун залкар манасчысы” аттуу кереге кеңеш өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага окумуштуулар, жазуучулар, манасчылар, манасчынын небереси Тургунаалы Жусуп Мамай тегин, ЖОЖдордун окутуучулары жана жаш изилдөөчүлөр катышат.

Кереге кеңеш Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиевдин жана манасчынын чыгармачылыгын изилдеген адис-окумуштуулардын сөздөрү менен уланат.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын эл артисти, I даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо конушунда туулган.

Манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши үч ирет колго алынып, 1983-жылга чейин жүргүзүлүп аягына чыккан. Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миңден ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат. 1984-жылы манасчынын варианты боюнча "Манас" бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.

Жусуп Мамайдын вариантында окуялардын берилүү тартиби, баяндоо ыкмалары боюнча өз алдынча вариант экендигин баса көрсөтүп турат. Ошондой эле жер-суу аттарында жана образдар системасында айырмачылыктар бар. Көркөмдүк жагы да башка варианттардан кем калышпайт. Дагы бир өзгөчөлүгү башка варианттардагы баатырдыкты даңазалоочу эпикалык пафос толук сакталбаса да берилип, турмуштук окуялар басымдуу айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!