Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирди

19-Апр. 2018, Бейшемби, 14:05

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык өкмөт отставкага кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде президенттик аппараттан кабарлашты.

Айта кетсек, бүгүн ЖКнын жыйынында «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү сунуштады. Демилгени «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да кубаттап, тийиштүү колдор топтолгонун жана процедуралар аткарылгандыгын айткан.

Анын негизинде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун бир добуштан колдоп беришкен.

Ал эми Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө добушка коюлуп, катталган 112 депутаттын 101 депутаты «макул», 5 депутат «каршы» деген добуш беришкен. Анын жыйынтыгында депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, буга байланыштуу токтом кабыл алышкан.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин токтому президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!