Эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө (видео)

19-Апр. 2018, Бейшемби, 16:33

Бишкек шаарынын Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында “Кыргызстан-2018” 20-Эл аралык көргөзмө жарманкеси Кыргыз республикасынын өкмөтү жана Соода өнөр-жай палатасынын колдоосу менен өтүүдө.

Ага Украина, Корея, Кыргызстан, Кытай жана Беларусь өлкөлөрүнөн келген жеке ишкерлер катышууда.




Кыргызстандагы “Майлуу-Суу” лампа заводу муздаткычтарга, бөлмөлөргө, иш кабинеттерге, автотранспорттук каражаттарга, түнкү жарнамаларга колдонулуучу электр лампанын 80 түрүн чыгарат. Ошондой эле Россия, Азербайжан, Казакстан, Грузия, Армения, Монголия, Украина, Түркмөнстан өлкөлөрүнө экспорттолууда.



Zhejiang Kenking Industrial Co.ltd кийим-кечектерди тигүү үчүн колдонуучу жиптерди чыгарган компаниялардын катарына кирет жана ISO9001:2000 сертификациясынан өткөн биринчи компания. Аталган компания бир жылда 12 000 тонна продукция чыгарганга үлгүрөт.



"Кыргызмебель" өндүрүш компаниясы.

Кеңсе, мектеп, кинотеатрларга сапаттуу эмеректерин сунуштап келет.

Эскерте кетсек, жарманке 23-апрелге чейин уланат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!