Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абулгазиевди Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун толук текстин келтиребиз:
«Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.
Россияны жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып турат. Мындан аркы соода-экономикалык өз-ара аракеттер, өнөр жай жана энергетикадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык бирлик алкагындагы интеграцияны тереңдетүү – биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берет деп ишенем.
Мухаммедкалый Дүйшекеевич, Сизге чын ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм», – деп белгиленет катта.