Суу пайдалануучулар акы төлөөдөн бошотулабы?

23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 19:08

23-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Суу кодексине, “Суу жөнүндө” мыйзамга) мыйзам долбоору 1- окууда каралып, Айыл чарба министри Нурбек Мурашев баяндама жасаганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору КР Суу кодексин жана “Суу жөнүндө” мыйзам ченемдерин жүзөгө ашыруу алкагында иштелип чыккан. Суу кодексинде суу жаратылыш ресурсу катары пайдаланылгандыгы үчүн акы алуу көрсөтүлгөн. Бирок суу обьектилерине жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуунун тартиби менен шарттары, суу пайдалануучуларга жеңилдиктер аныкталган эмес.

Долбоор аркылуу суу пайдалануу үчүн акы төлөөдөн төмөнкүлөрдү бошотуу сунушталган:

  • Мамлекеттик жана муниципиалдык менчикте турган жаратылыш коруктары, ботаникалык бакчалар, өзгөчө коруктар, жаратылыш эстеликтери, дендралогиялык парктар менен зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер менен уюмдар;
  • Кайра жаралуучу энергияны кошкондо сууну электр кубатын иштеп чыгууга пайдаланууда;
  • Сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды белгиленген лимиттин чегинде сугаруу максатында пайдаланууда;
  • Сууну үйдөгү малды жана короо участогун сугарууга пайдаланууда;
  • Сууну ичүүгө жана чарбалык тиричиликтеги керектөөлөр үчүн пайдаланууда;
  • Калктын суу ичүү керектөөлөрүнө суу алууда жана башкаларда.

Депутаттар тоокен тармагына суу пайдалангандыгы үчүн милдеттүү түрдө төлөм төлөнөрү так жазылышы зарылдыгын, бюджетке кандай киреше же чыгаша болоорун, ошондой эле суу пайдалануудагы лимит кантип аныкталып,ким тарабынан коюлаарына кызыгышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!