Ош шаарында 12 кабаттуу үйдөн өрт чыкты (видео)

24-Апр. 2018, Шейшемби, 09:57

2018-жылдын 23-апрель күнү саат 23:23тө Ош шаарынын Джим көчөсүндөгү №1. 12 кабаттуу үйдүн балконунан өрт чыгып, алты адам жабыркады.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 23:35да КР ӨКМнин Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, саат 23:37де КР ӨКМнин №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 23:35те КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана саат 23:50дө КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ) унаасы жалпы 5 бөлүм менен тартылганын ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Өрт кырсыгынын натыйжасында 5-кабатындагы №22, 23 батирлеринин эшиктери, 18 м2 коридордун ичинде 2 диван, үй эмеректери күйгөн. Алдын ала алынган маалымат боюнча өрттүн кесепетинен 6 адам жабыркап (2001-жылы туулган Урунбек уулу Р., 1999-жылы туулган Умаров А., 1988-жылы туулган Аматов М. 1996-жылы туулган Абдилатова Г. 1937-жылы туулган Раева К. 5-кабаттан жанын сактап калуу үчүн секирген аял кишинин аты-жөнү такталууда), Ош шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Мындан сырткары ИИМ кызматы тарабынан 20 кызматкер жана тез жардам кызматы тарабынан 3 бригада тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Өрт 00:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!