​Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитов сунушталды

24-Апр. 2018, Шейшемби, 11:03

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Башкы прокурор кызматына көрсөтүлгөн Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралууда.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматты аркалып келген Индира Жолдубаева тагылган милдеттерди жетиштүү деңгээлде аткарган жок деген жүйө менен президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде Жогорку Кеңешке аны кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизген. Депутаттар президенттин сунушун 11-апрелде колдогон. 13-апрелде президенттин жарлыгына ылайык Индира Жолдубаева башкы прокурор кызматынан бошотулган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!