​ЖК комитети Башкы прокурорлукка Жамшитовду жактырды

24-Апр. 2018, Шейшемби, 12:06

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. Аны комитет мүчөлөрү менен президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар башкы прокурорлукка дайындалып калса, өз милдетине жоопкерчилик менен карап, өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип алпарууга тийиш экенин белгилешти. Ал эми кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

Белгилей кетсек, Өткүрбек Жамшитов Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин Юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!