​Премьер-министрлер Абылгазиевди куттуктады

24-Апр. 2018, Шейшемби, 13:14

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттукташты. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Куттуктоо билдирүүсүндө Ли Кэцян Кытай жана Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөр жана дос коңшулар экендигин баса белгиледи.

«Кытай өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атыман Сизди Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиз. Сизге жогорку мамлекеттик кызматтагы ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.

Ал эми Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Биз биргелешкен аракеттер менен эки тараптык кызматташууда орун алган бардык маселерде жетишилген жогорку деңгээлгеги конструктивдүү диалогду улантабыз. Ошондой эле биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейбиз деп ишенем».

Ошондой эле Абдулла Арипов чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!