Базардагы өрттүн зыяны канчага бааланды?

26-Апр. 2018, Бейшемби, 17:22

Бишкектеги «Ош базары» соода-рынок комплексинин жана Жалал-Абаддын борбордук базардын аймактарында орун алган өрт кесепетинен келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмеси өттү. Жолугушуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун төрагалыгы астында өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр базарлардагы өрткө байланыштуу бардык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарылдыгын билдирди.

«Жабыркагандар – биздин жарандар, алар өз бүлөлөрүн багып, алынган кредиттерди төлөшү керек. Мындан тышкары, алар ишин баштоосу үчүн жаңы соода орундары керектелет», – деди ал.

Комиссия маалымдагандай, бүгүнкү күндө 133 ишкердин тизмеси бекитилген, алардын документтерин кабыл алуу Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясында жана Жалал-Абад шаарынын мэриясында 2018-жылдын 10-майына дейре жүргүзүлөт.

ИИМдин өкүлдөрү окуя болгон жерде жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, айтылган маалыматтар иликтөөнүн жүрүшү жана экспертизалардын өткөрүлүшүнө тийиштүү болду.

Андан соң Комиссия келтирилген финансылык зыянды жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулады. Мындан тышкары «Кепилдик фонд» ААКга кичи жана орто ишкердик субъектилерге «Кыргызстандагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамда белгиленген тартипте 1 млн сом суммасына дейре кепилдик берүү сунушталды. Бул Комиссия тарабынан бекитилген тизмеге жараша күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз эсептелген «Кепилдик фонд» ААК өнөктөштөрү болгон коммерциялык банктардын кредиттерине тийиштүү.

Улуттук Банк жабыркагандардын бекитилген тизмесин алган соң, аны кредиттерди пролонгациялоо боюнча андан аркы иштер үчүн коммерциялык банктарга жөнөтөт.

Рынок жетекчилерине жабыркаган жактардын чыгымын кайтаруу максатында соода орду үчүн акысына 1-2 жылга чейин 50 пайызы жеңилдик берүү сунушталды.

«Сейтек» ЖЧК, «Берекет» ЖАК жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын жетекчилигине жабыркаган имараттардын жана соода аянтардын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин тездетүү сунушталды.

ИИМ Мамлекеттик сот-экспертизалык кызматына экспертизаларды өткөрүү ишин ыкчамдатуу тапшырылды.

Аталган кызмат ИИМ менен биргеликте 10-майга дейре базарлардагы өрттүн себептерин аныктоо боюнча экспертизаны жыйынтыктоо тапшырылды.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигине жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына жана Жалал-Абад аймактык шаар куруу башкармалыгына 2018-жылдын 25-майына чейин мыйзамда каралган тартипте имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону жыйынтыктоо милдети коюлду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!