Бишкекте туристтик форум өтүп жатат (фоторепортаж)

28-Апр. 2018, Ишемби, 11:33

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) туризм тармагында иш алып барган кыргызстандык дестинацияларды жана түзүлгөн туристтик сунуштарды Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандык туроператорлорго тааныштыруу максатында “Кыргызстан менен таанышуу, жаңы багыттар, мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар” аттуу эки күндүк форум өтүүдө. Форумда бүткүл Кыргызстандан 200дөн ашуун туроператорлор жана туризм тармагында иш алып барган уюмдар бири-бири менен тыгыз байланышуу жана тажрыйба алмашуу максатында бир аянтчада чогулушту.

Конокторго беш бармак, плов, ашлян-фу түрк, орус улуттук ашканасы жана боорсок сыяктуу көп маданияттуулукту чагылдырган түркүн тамактарды даамдап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлду. Иш-чарада андан сырткары боз үйлөр тигилип, алардын ичинде кыргызстандык дестинациялар өздөрүнүн туристтик сунуштай алды.

Аталган форум алгач презентациялар менен башталып, Кыргызстандын көчмөн турмушун чагылдарган видеобаяндар, улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана тоодо жөө жүрүш, велосипед жана ат үстүндө сейилдөөгө багытталган 200 чакырымдан ашуун түзүлгөн 50 маршрут сыяктуу жаңы туристтик сунуштардын демонстрациялары менен коштолду.

"Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси" долбоорунун жетекчиси Карен Вестергаард "Маданияттын мыктык кызматкери" наамына татыды.

Иш-чаранын экинчи күнү мастер класстарга жана өз ара баарлашууга арналат. Туризм тармагындагы эл аралык адистер социалдык тармактар аркылуу маркетинг, кардарларды тейлөөнү жакшыртуу ыкмалары жана эл аралык туристтик рыноктордо кыргызстандык уникалдуу туристтик сунуштарды таанытуу тууралуу айтып беришет.

Баарлашуу жана өнөктөштүк түзүү учурунда Борбор Азиялык коноктор жергиликтүү туризм тармагындагы ишмерлер жана уюмдар менен жолугушууларды өткөрүп, Борбор Азия боюнча биргелешкен турларды түзүү аракетин көрүшөт.

Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Жамангулов Азамат Капарович.

USAID BGI долбоору Бишкек шаарынын туристтик аудиогидин тартуулады

USAID BGI долбоору туристтер Бишкек шаарын аралап басуу үчүн биринчи жолу аудиогид иштеп чыкты. Аудиогид акысыз izi.TRAVEL айтып берүү платформасында жайгаштырылып, Кыргызстанга келген конокторго шаар кыдыруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу максатында шаардын негизги кызыктуу жерлерин камтыйт.

Туристтер аудиогидди оңой эле izi.TRAVEL мобилдик тиркемесин смартфонго орнотуу менен Бишкек шаарын кыдырууну жүктөп алуу аркылуу орното алышат.

Бишкек аудиогиди турда көрсөтүлгөн шаардын 15 кызыктуу жерлеринин картасын камтыйт. Эгер мобилдик трекинг функциясы күйгүзүлүү болсо, анда тийиштүү аудио-турист керектүү жерге жакындаганда автоматтык түрдө жердин сүрөттөрүн, жазма тексттин коштоосунда көргөзүп иштей баштайт. Аудио-тур англис, орус жана түрк тилдеринде жеткиликтүү.

Жайкы жана кышкы туризмди каалагандар үчүн Жыргалаң жаңы турларды уюштурууда

Тоолуу аймакты жайкы туристтик жай катары өнүктүрүүдө Жыргалаң дестинациясы жөө, велосипед менен жүрүү жана ат менен сейилдөө үчүн тоодогу жалгыз аяк жолдордун санын көбөйтүп, аларды туристтик продукт катары сунуштады.

Туристтерди ыңгайлуу боз үйдө жатып түн көрүүсү үчүн жаңы боз үй лагерин орнотууга да өз салымын кошту.

Жыргалаң тургундары айылдагы кышкы жана жайкы туристтик дестинацияларды өнүктүрүү катары айылга салган инвестициялардан түшкөн кирешеден тышкары тамак-аш сатуу, гид катары иштөө жана башка кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кыргызстан туризмди жарнамалоону Өзбекстанга чейин жайылтты

USAID BGI долбоору Туризм департаменти жана Кыргыз курорттор ассосиациясы менен бирге 13 туроператорго жана курортко апрель айында өткөн Өзбекстан эл аралык туризм жарманкесине катышууга колдоо көрсөттү.

Кыргыз туропраторлору жана курорттору Ысык-Көлдөгү курортторго Өзбекстан жарандары эс алып кетүү үчүн Өзбекстандык туркомпаниялар менен 192ден ашык өнөктөштүк келишимине кол коюшту.








Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!