Президенттин кеңешчиси УКМКнын төрага орун басары болду

28-Апр. 2018, Ишемби, 12:08

Президенттин кеңешчиси Асылбек Кожобеков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин дагы бир жарлыгына ылайык Рустам Мамасадыковду УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулган.

Айта кетсек, УКМКнын төрагасынын жаңы орун басары Асылбек Кожобеков 1971-жылы 27-июнда Кара-Балта шаарында төрөлгөн.

  • 1992-жылы Украинадагы Донбасс Пролетариаты атындагы Жогорку авиациялык штурман-учкучтар училищесин аяктаган.
  • 1994-жылы - Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку жогорку курсун аяктаган;
  • 2002-жылы - Кыргыз-Орус Славян университетинен юриспруденция адистигине ээ болгон;
  • 1993-2005 - улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылган;
  • 2005-2007 - Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы стратегиялык анализ жана прогноз институтунун эксперт-аналитиги;
  • 2007-2010 - улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылган;
  • 2010-2013 - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
  • 2013-2017 - УКМКда кызмат өтөгөн;
  • 2017-жылдын декабрь айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!