УКМК кызматкерлерине үй куруу улантылууда

28-Апр. 2018, Ишемби, 14:18

2018-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Нарын облусунун Нарын шаарында УКМК кызматкерлери үчүн курулуучу турак үйдүн пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган иш чарага КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаардын мэри, коопсуздук органдарынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Быйылкы жылы бул турак-үйдөн УКМК кызматкерлеринен 20дан ашык үй-бүлө батирлерге ээ болот. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен МУКК кызматкерлерине башка аймактарда дагы турак-үйлөрдү куруу белгиленип жатат.

Эске сала кетсек, Ош жана Каракол шаарларында КР МУКК кызматкерлери үчүн турак-үй куруу иштери башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!